ñ

БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

Чыгармачыл жана экологиялык майрам: БААУда Рождество майрамына арналган жарманке кандай өттү

10&Բ;декабря&Բ;2025

Өткөн аптада БААУда Рождество майрамына арналган БААУнун Жарандык активдүүлүк борбору тарабынан Жашыл БААУ программасынын алкагында Жашыл БААУ ыктыярчылык клубу менен биргеликте уюштурулган жарманке болуп өттү. Майрамдардын алдында жарманкелерди уюштуруу жакшы салтка айланды: бул жаңы жылдык маанайдан кубат алуу жана достор менен жакын адамдар үчүн оригиналдуу белектерди камдоого мыкты мүмкүнчүлүк. Жарманкеде кол менен жасалган буюмдардын кенен тандоосу болду: кооздуктар, сувенирлер, кийим-кече, кийизден жасалган буюмдар, таттуу азыктар жана башкалар. Ар бир конокто өз табитине жана мүмкүнчүлүгүнө жараша тандоо жаралды. Жарманке учурунда экологиялык темада Kahoot! оюну өткөрүлдү. Викторинада жаңы жылдык салттар жана алардын экологияга тийгизген таасири тууралуу көптөгөн суроолор болду. Катышуучулар убактысын шаңдуу маанайда өткөрүп гана тим болбостон, суроолорго жооп берүү менен кантип Жаңы жылды курчап турган айлана чөйрөгө зыян келтирбей тосуу тууралуу билип алышты. Беш жеңүүчү жарманкенин катышуучулары камдаган белектерге ээ болушту.

Дагы бир активдүүлүк – мастер-класстар болду. Биринчисинде катышуучулар жылтырак басылманы оригами техникасынын жардамы менен жаңы жылдык кооздуктарга кантип айлантууга мүмкүн экенин билишти. Экинчисинде кездемеге боёк менен жазуу көрсөтүлдү. Катышуучулар футболка же шоппер-баштыктарды кооздоону үйрөнүштү. Эки мастер-класс тең чоң кызыгууну жаратып, катышуучулардын купулуна толду.

Кезектеги жарманке февраль айында өткөрүлөт.

Видеого шилтеме:

<< Назад к списку