ñ

БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

БААУнун өкүлдөрү IDEC 2025 санариптик билим берүү боюнча Эл аралык конференцияда эки сыйлыкка арзышты

4&Բ;ноября&Բ;2025

2025-жылдын 1-октябрында Борбордук Азиядагы Америка университетинин окутуучулары Наталья Коростелева (SEBA) жана Екатерина Комбарова (CTLT) Narxoz (Казакстан) университетинде орун алган International Digital Education Conference 2025 (IDEC 2025) конференциясына катышышты.
Саамалык INTI International University (Малайзия) жана Narxoz университтери тарабынан уюштурулуп, санариптик билим берүү тармагында 20 өлкөнүн алдыңкы адистерин чогултту.

Бизнес-коммуникация курсуна жасалма интеллектти интеграциялоо тууралуу новатордук изилдөө

Конференцияда биздин кесиптештер жасалма интеллекттин шаймандарынын бизнес-коммуникация курсуна киргизүү боюнча новатордук тажрыйбасына арналган “Integrating AI in Business Communication Teaching at ñ: A Three-Semester Experience, Insights, and Recommendations” аталышындагы изилдөөнү тартуулашты.

Эмгек санариптик шаймандардын практикалык колдонулушунун 3 семестринин жыйынтыгын, студенттик рефлексивдик эсселердин анализин жана жалпы долбоорду баалоолорду жалпылады. Ошондой эле окутуучулар үчүн мазмуундуу сунуштамаларды камтыды.
Алардын чыгуулары конференциянын катышуучуларынын чоң кызыгуусун жаратты.

Эки абройлуу сыйлык

Конференциянын жыйынтыгында Наталья Коростелева жана Екатерина Комбарова эки сыйлык алышты:
Best Track Presenter— “AI for Education” трегинде мыкты бет ачар үчүн;
Gold Award— сунушталган макаланын жогорку сапаты жана илимий мааниси үчүн.

Жетишилген сыйлыктар БААУнун өкүлдөрүнүн конференциянын программасына кошкон салымынын жана жогорку кесипкөйлүгүнүн белгиси болду.

Глобалдык кызматташуу

БААУнун өкүлдөрүнүн IDEC 2025 конференциясына катышуусу билим берүү практикасына санариптик технологияларды интеграциялоого багытталган окутуучулук жана изилдөөчулүк демилгелердин өнүгүүсүн окуу жайдын колдоосун тастыктады. Бул ийгилик БААУнун санариптик билим берүү тармагында лидерлердин бири катары позициясын бекемдеп, университеттин Азия, Европа жана Американын алдыңкы окуу жайлары менен Эл аралык кызматташуусунун кеңейишине өбөлгө түздү.

Конференция жөнүндө кенен маалыматты расмий сайттан таба аласыз: https://inticonferences.newinti.edu.my/conferences/idec-2025.

<< Назад к списку