ñ

БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

Назарыңыздарда The Alumni Podcast

28&Բ;октября&Բ;2025

#LifeAfterGraduation

Быйыл БААУнун Бүтүрүүчүлөрүнүн кеңсеси жаңы подкастты ишке киргизди - ар кандай тармактарда (бизнес, медиа, технологиялар жана коомдук демилгелер) ийгиликке жетишкен бүтүрүүчүлөр менен шыктандыруучу плдкасттардын сериясын.

Долбоордун максаты - практикалык тажрыйба, ийгилик сыры жана жаш адистер үчүн кеп-кеңештерди берүү менен БААУнун студенттеринин муундарынын жана бүтүрүүчүлөрүнүн ортосундагы байланышты бекемдөө.

Эпизоддор ñ Alumni ютуб каналында жеткиликтүү Office

БААУнун бүтүрүүчүлөрүнүн подкасты — 1-эпизод: Валентина Хоменко

YouTube`дан көрүңүз →

Подкасттын 1-эпизодунда биз БААУнун 2015-жылкы бүтүрүүчүсү, FLEX программасынын катышуучусу, U.S.-CAEF стипендиясынын ээси жана чет өлкөдө 9 жылдан бери жашап жана иштеп келе жаткан Валентина Хоменко менен баарлашабыз.

Валентина БААУдан кийинки тажрыйбасы, Эл аралык карьерасы жана инсандык өнүгүүсү тууралуу ой бөлүшүп, ошондой эле дүйнө жүзү боюнча мүмкүнчүлүктөрдү табуу жана өз эрежелериң боюнча жашоо куруу жолдору жөнүндө айтат.

Бул чыгарылыш сизди эр жүрөк кадамдарга шыктандырат жана БААУнун бүтүрүүчүлөрү өз дараметин дүйнөлүк деңгээлде кантип ишке ашыруусу жөнүндө көрсөтүп берет.

2-эпизод: Гульназ Нааматова

YouTube`дан көрүңүз →

Биздин подкасттын экинчи эпизодунда Эл аралык бизнес жана укук факультетин артыкчылык менен аяктаган (summa cum laude), Канададагы магистратуранын жана БААУдагы MBA бүтүрүүчүсү Гульназ Нааматова. Бүгүнкү күндө Гульназ Avicenna клиникалар түйүнүн жетектеп, Кыргызстанда ден-соолук маданиятын активдүү түрдө жайылтып келет.

Биз Гульназ менен БААУдагы окуудан баштап ири медициналык түйүндү жетектеп калышына чейин, ийгиликке жеткирген анын Эл аралык билим тажрыйбасы менен баалуулуктарын, ошондой эле өлкөнүн саламаттыкты сактоо тармагына кошуп жаткан салымдары тууралуу кеп козгодук.

Каналга катталыңыздар жана БААУнун бүтүрүүчүлөрүнүн шыктандырган ийгилик сырларын өткөрүп жибербеңиздер!

<< Назад к списку